Радио

Асан кызы: инженердик адистикти тандаган жаштар көбөйдү

Билим берүү жана илим министрлигинин жогорку, орто кесиптик жана жогорку окуу жайдан кийинки билим берүү башкармалыгынын башкы адиси Айнура Асан кызы азыр билимге умтулган жаштар көбөйгөндүгүн айтат.
Sputnik
Соңку жылдары абитуриенттер техникалык адистиктерге артыкчылык беришүүдө. Бул тууралуу Айнура Асан кызы Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, айрыкча энергетика, IT тармагында билим алгысы келгендер көп.
"Жаштар акыркы жылдары гуманитардык эмес инженердик адистиктерди тандоого көбүрөөк умтулуп жатышат. Жогорку окуу жайларга кабыл алуу кампанияларын деле карап көрсөк, айкын көрүнөт. Абитуриенттер артыкчылык берген багыттар: IT тармагы, робототехника, энергетика тармагындагы кесиптер. Негизи эле бюджеттик орундарга каалоочулар көп болот, бирок аталган тармактарга тапшырууну каалагандар чынында арбын", — деди Асан кызы.
Ошондой эле ал инженердик адистиктердей эле медицина тармагында дагы билим алгысы келгендер көп экендигин кошумчалады.