Олимпиада оюндары — 2024

Бишкекте Париждеги Олимпиада оюндарын көрүү үчүн фан-зоналар уюштурулду

Ири спорттук мелдеш 11-августта соңуна чыгат.
Sputnik
БИШКЕК, 5-авг. — Sputnik. Бишкек мэриясы Парижде өтүп жаткан Олимпиада оюндарын көрүү үчүн фан-зоналар уюштурулганын кабарлады.
Мелдештерди түз эфирде 5-11-август аралыгында төмөнкү даректерден көрсө болот:
Свердлов району
"Дордой Плазада" саат 22:00гө чейин;
Чыгыш-5 кичи районундагы "Арбат" сквери.
Октябрь району
"Ынтымак-2" паркы.
Ленин району
"Азия молл" соода жана оюн-зоок борбору.
Биринчи май району (6-11-август)
Эски аянтта саат 21:00дөн 01:00гө чейин.
Эскерте кетсек, бүгүн күрөш боюнча мелдештер башталат. Килемге Жоламан Шаршенбеков менен Мээрим Жуманазарова чыгары күтүлүүдө.
Олимпиада оюндары — 2024
Париж-2024: боксчу Мунарбек Сейитбек уулу жарым финалга чыкты