Олимпиада оюндары — 2024

Париж-2024: Мээрим Жуманазарова Олимпиадада чейрек финалга чыкты

Sputnik
БИШКЕК, 5-авг. — Sputnik. Парижде өтүп жаткан Олимпиада оюндарында Кыргызстандын намысын коргоп жаткан балбандарыбыздын бири Мээрим Жуманазарова чейрек финалга чыкты.
Ал беттешин 68 килограмм салмакта 1/8 финалдык баскычтан баштап, монголиялык атаандашы Делгермаа Энхсайханды 8:3 эсебинде жеңип алды.
Жуманазарова чейрек финалда япониялык Ноноки Одзаки менен беттешет.
Буга чейин кыргызстандык балбан Жоламан Шаршенбеков дагы Олимпиада оюндарында чейрек финалга чыккан.
Олимпиада оюндары — 2024
Бишкекте Париждеги Олимпиада оюндарын көрүү үчүн фан-зоналар уюштурулду