Олимпиада оюндары — 2024

Баракелде! Мээрим Жуманазарова Олимпиадада жарым финалга келди

Sputnik
БИШКЕК, 5-авг. — Sputnik. Кыргызстандык балбан кыз Мээрим Жуманазарова Париждеги XXXIII жайкы Олимпиада оюндарында жарым финалга чыкты.
Ал чейрек финалда атаандашы япониялык Нонока Одзакини 8:6 эсебинде жеңип алды.
Жуманазарова беттешин 68 килограмм салмакта 1/8 финалдык баскычтан баштап, монголиялык атаандашы Делгермаа Энхсайханды 8:3 эсебинде уткан.
Эми бүгүн Бишкек сааты боюнча түнкү 01:00дө Мээрим Жуманазарова менен Жоламан Шаршенбеков финал үчүн таймашат.
Олимпиада оюндары — 2024
Париж-2024: Жоламан Шаршенбеков жарым финалда. Видео