Олимпиада оюндары — 2024

Париж-2024: Жоламан Шаршенбеков жарым финалда. Видео

Спортчу чейрек финалда румыниялык Арнаут Рэвзанды 9:0 эсебинде жеңип алды.
Sputnik
БИШКЕК, 5-авг. — Sputnik. Кыргызстандык балбан Жоламан Шаршенбеков Париждеги XXXIII жайкы Олимпиаданын жарым финалына чыкты.
Ал чейрек финалда атаандашы румыниялык Арнаут Рэвзанды 9:0 эсебинде жеңип алды.
Жоламан буга чейин 1/8 финалдык беттеште казакстандык Айдос Султангали менен кармашып 6:3 эсебинде уткан.
Эми кыргызстандык балбан жарым финалда Кеничиро Фумита (Япония) менен күч сынашат.
Олимпиада оюндары — 2024
Париж-2024: Мээрим Жуманазарова Олимпиадада чейрек финалга чыкты