Британияда митингчилер мигранттар жашаган отелди өрттөп жибере жаздашты

Адам өлүмүнө шектүү улан качкын болгон деген такталбаган маалыматтан улам бир катар шаарлардын тургундары нааразылык акциясына чыгып, кийин ал массалык башаламандыкка айланып кеткен.
Sputnik
БИШКЕК, 5-авг. — Sputnik. Мыйзамсыз кирген мигранттардын агымына нааразы болгон британиялыктар келгиндер жайгашышы мүмкүн делген мейманкананын имаратын өрттөөгө аракет кылышканын Daily Mail жазды.
Буга чейин Guardian гезити жекшемби күнү акцияга чыккандар Ротерем шаарындагы мигранттар жашаган Holiday Inn Express отелине чабуул жасашканын жазган.
"Башаламандык учурунда митингчилер мигранттар жана башпаанек сурагандар жашаган экинчи мейманканага чабуул жасашты. Бандиттер имараттын кире беришине өрт коюп, терезелерин сындырып, полицияны көздөй ар кандай неселерди ыргытышкан", — деп айтылат маалыматта.
Күч түзүмдөрүнүн айтымында, башаламандык басылган.
Эскерте кетсек, ишемби күнү ITV телеканалы Улуу Британиянын Манчестер, Лидс, Балфаст жана башка шаарларында жүздөгөн кишинин катышуусу менен нааразычылык акциялары башталганын кабарлаган.
Мерсисайд графтыгынын полициясы 29-июль күнү Саутпорт шаарында балдарга бычак менен кол салуу болгонун, андан үч бөбөк көз жуумп, эки чоң киши оор абалда ооруканага түшкөнүн билдирген. Окуяга шектүү катары 17 жаштагы улан кармалып, ага үч кишинин өлүмү, ондогон адамды өлтүрүү аракети жана курал сактоо боюнча айып тагылган. Полиция кол салууну террорчулук менен байланыштырган эмес. Каргаша балдар бий жана йога менен алектенип жатканда болгон.
Шектүү улан качкын болгон деген такталбаган маалыматтан улам бир катар шаарлардын тургундары нааразылык акциясына чыгып, кийин ал массалык башаламандыкка айланып кеткен. Кийинчерээк Sky News телеканалы руанда бүлөсүнөн чыккан айыпкер Уэльсте төрөлгөнү аныкталганын кабарлады. Күч түзүмдөрүнүн божомолу боюнча, башаламандык ашкере оңчул "Англия коргонуусунун лигасы" кыймылынын тарапкерлери тарабынан уюштурулушу мүмкүн. Бир катар ЖМКлар акциядан Россиянын изин көрүүгө жетишкен. РФтин Лондондогу элчилиги акцияларга Москванын тиешеси болушу мүмкүн деген күмөнсүүнүн баарын четке какты.
Илон Маск Улуу Британияда жарандык согуш болорун болжоду