Бир аптадан бери беш баланын энеси изделүүдө

Sputnik
БИШКЕК, 5-авг. — Sputnik. Токмокто беш баланын энеси 52 жаштагы Жумагүл Тухтабаева бир аптадан ашык убакыттан бери изделүүдө. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти.
Маалыматка ылайык, ал 28-июль саат 8:30дар чамасында үйүнөн чыгып кеткен боюнча дайынсыз.
"Бою 165-170 сантиметр, чачы кара, кой көз, дене түзүлүшү орто, өзгөчө белгилери жок, сезонго жараша кийинген", — деп айтылат маалыматта.
Милиция көргөн-билгендерди 0 312 607 363, 0313 863 102, 0701 133 512 телефондоруна чалып коюуну өтүнүүдө.
ИИМ: эми соттолбогондук тууралуу маалым катты үч саатта алууга болот