БИШКЕК, 5-авг. — Sputnik. Сузак бир мандаттуу шайлоо округу боюнча депутаттыкка талапкерлерди көрсөтүү 22-августта аяктайт. Бул тууралуу БШКдан билдиришти.
Маалыматка ылайык, учурда жети адам талапкер болуу ниетин билдирип арыз берген.
"Өзүн-өзү көрсөткөндөр талапкер болуу ниети жөнүндө арыз берет. Ал эми саясий партиялар талапкерин шайлоо округун көрсөтүү менен курултайда тандайт жана бир гана талапкерди көрсөтө алат", — деп айтылат маалыматта.
Эскерте кетсек, №13 Сузак бир мандаттуу шайлоо округунан 2021-жылы Жогорку Кеңешке депутат болуп келген Тазабек Икрамов 19-июлда өз ыктыяры менен депутаттык мандатын тапшырган. Натыйжада бул округда мөөнөтүнөн мурда шайлоо 22-сентябрга дайындалган.