Өкмөт медиктерге төлөнүүчү компенсациялык төлөмдөрдү бекитти

1-июлдан баштап алыскы аймактарга жиберилген адистерге 20 миң сом өлчөмүндө кошумча компенсациялык төлөм каралган.
Sputnik
БИШКЕК, 5-авг. — Sputnik. Министрлер кабинети медиктерге төлөнүүчү компенсациялык төлөмдөрдү бекитти. Тиешелүү чечимге минкаб төрагасы Акылбек Жапаров кол койду.
Ага ылайык, компенсация төмөнкүдөй белгиленет:
жергиликтүү бийлик менен макулдашылып, алыскы аймактарга жиберилген медиктерге (педиатр, неонатолог, жалпы хирург, анестезиолог-реаниматолог) — бир ставка боюнча, бирок 20 миң сомдон ашык эмес;
өзгөчө эмгек шарттары үчүн Бишкек жана Ош шаарларынын тез жардам дарыгерлерине түзүлгөн келишимдерге ылайык иштеген убактысына жараша — 20 миң сом, бирок бир ставкадан ашпоого тийиш.
Бул чечим 1-июлда президент Садыр Жапаров кол койгон буйрукту ишке ашыруу максатында бекитилгени кошумчаланды. Анда 1-июлдан баштап алыскы райондордо, чакан шаарларда жана айыл жергесинде жайгашкан саламаттык сактоо уюмдарына иштөө үчүн жиберилген адистерге 20 миң сом өлчөмүндө кошумча компенсациялык төлөм каралган.
Медиктерге кол көтөргөндөрдү 8 жылга чейин кесүү каралууда. Мыйзам долбоору