Чүй, Нарын, Ысык-Көл, Баткен, Таластын прокурорлору алмашты

Жетекчилер эмгек жамааттарына тааныштырылып, өз милдеттерин аткарууга киришкени белгиленди.
Sputnik
БИШКЕК, 5-авг. — Sputnik. Башкы прокурор Максат Асаналиев беш облустун прокурорлорун дайындады. Бул тууралуу башкы көзөмөл органдын маалымат кызматынан кабарлашты.
Буйрукка ылайык:
Чүй облусунун прокурору — Азизбек Шүкүрбеков;
Ысык-Көл облусунун прокурору — Эмирбек Каримов;
Баткен облусунун прокурору — Абай Молдокматов;
Нарын облусунун прокурору — Абдирашит Кубатидинов;
Талас облусунун прокурору — Мирбек Расулов;
Жазык-аткаруу тутумунун органдарында жана мекемелеринде мыйзамдардын сакталышын көзөмөлдөө прокурору болуп Эмилбек Үркүнбаев дайындалды.
Жетекчилер эмгек жамааттарына тааныштырылып, өз милдеттерин аткарууга киришкени кошумчаланды.
Башкы прокурорлордун Бишкектеги отуруму
Асаналиев ШКУ прокурорлорунун тажрыйба алмашуусу эмне берерин айтты