Казакстанда өтө турган Көчмөндөр оюндарына Кыргызстандан 268 спортчу барат

Делегациянын кийимине, тамак-аш, жол кире жана мейманканасына мамлекет тарабынан акча бөлүнөрү белгиленди.
Sputnik
БИШКЕК, 5-авг. — Sputnik. Казакстанда өтө турган Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына 29 спорттун түрүнө катышуу үчүн 268 кыргызстандык барат. Бул тууралуу Спорт департаментинин директорунун орун басары Самат Токтоналиев маалымат жыйында билдирди.
Анын айтымында, учурда спортчулар үчүн форманын эскизи иштелип чыккан.
"Аны ата мекендик Bigser компаниясы тигет. Азырынча калган маалыматты айтпай турайын, даяр болсо расмий жарыяланат", — деди Токтоналиев.
Ошондой эле ал делегациянын кийимине, тамак-аш, жол кире жана мейманканасына мамлекет тарабынан акча бөлүнөрүн кошумчалады.
Белгилей кетсек, быйыл V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 8-13-сентябрда Казакстандын Астана шаарында өтөт. Мелдештерге 85 өлкөдөн 2000ден ашык спортчу катышары болжолдонууда.
77 жаштагы карыя Оштон Астанага чейин велосипед менен барууга белсенди