Бишкектеги Байтик баатыр/Абдрахманов көчөсү оңдолуп, толугу менен ачылды

Sputnik
БИШКЕК, 5-авг. — Sputnik. Бишкекте Байтик баатыр/Жусуп Абдрахманов көчөсү капиталдык оңдоп-түзөө иштеринен кийин толук ачылды. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.
Маалыматка ылайык, аталган көчөгө Аалы Токомбаевден баштап Жибек Жолу проспектине чейин 6 жана 5 сантиметрлик эки катар асфальт төшөлгөн. Мындан тышкары, жол жээгиндеги бордюрлар алмаштырылды.
Учурда коммуникация жана электр зымдарын жер астына киргизүү боюнча иштер уланып жатканы кошумчаланды.
Жолу жасалган Байтик баатыр көчөсүнүн дрондон тартылган видеосу