Бишкектеги "Старый толчок" базары мамлекеттин балансына кайтарылды

Айыл чарба министрлигинин балансындагы жер министрликтин айрым кызматкерлерине тиешелүү кооперативге өтүп кеткени айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 5-авг. — Sputnik. Бишкектеги "Старый Толчок" — "Евразия" базары мамлекеттин балансына кайтарылды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Маалыматка ылайык, аталган 2,2 гектар жер убагында мыйзамсыз менчиктештирилип кеткен.
"Айыл чарба министрлигинин балансында турган жер "Шар-Чебер" жеке кооперативине мыйзамсыз өтүп кеткен. Ал эми аталган кооперативде министрликтин айрым кызматкерлери болгон.
Иликтөөнүн натыйжасында жалпы аянты 1,14 гектар жер тилкеси жана жалпы аянты 3000 чарчы метрден ашык соода жайлары мамлекеттин балансына кайтарылган.
УКМК: Таласта облустун үчтөн бир бөлүгүнө тете жер мамлекетке кайтарылды