Кубанычбек Бөкөнтаев Кыргызстандын Россиядагы элчиси болуп дайындалды

Sputnik
БИШКЕК, 5-авг. — Sputnik. Кубанычбек Бөкөнтаев Кыргызстандын Россиядагы элчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.
Тийиштүү жарлыкка Садыр Жапаров кол койду.
55 жаштагы Бөкөнтаев буга чейин Улуттук банкты жетектеп турган. Кыргыз, орус жана англис тилдеринде сүйлөйт.
Мурдагы элчи Гүлнара-Клара Самат үстүбүздөгү жылдын май айында кызматынан бошотулган.
Чүй, Нарын, Ысык-Көл, Баткен, Таластын прокурорлору алмашты