ЕЭК: Россияда сунушталган миграциялык чектөөлөрдүн ЕАЭБ жарандарына тиешеси жок

ЕАЭБ жөнүндөгү келишим мүчө өлкөлөрдүн жарандарына уюмдун башка мамлекетинде тоскоолдуксуз иштөөгө мүмкүнчүлүк берери белгиленген.
Sputnik
БИШКЕК, 5-авг. — Sputnik. Россияда сунушталган миграциялык чектөөлөрдүн ЕАЭБ өлкөлөрүнүн жарандарына тиешеси жок. Бул тууралуу Евразия экономикалык комиссиясынан билдиришти.
Мамлекеттик Дума 31-августта "Россия Федерациясындагы чет элдик жарандардын укуктук абалы жөнүндө" федералдык мыйзамдын 14-беренесине өзгөртүүлөрдү киргизүү долбоорун карайт. Ал кабыл алынса ЕАЭБге кирбеген өлкөлөрдүн жарандары Россияда төмөнкүдөй чектөөлөргө туш болушу мүмкүн:
медициналык жана фармацевтикалык чөйрөдө иштөөгө;
мектептерде жана бала бакчаларда мугалим болууга;
коомдук транспортту айдоого;
оор жүк ташуучу унааларды (эл аралык ташуудан тышкары) айдоо;
жүк (посылка) жана каттарды (корреспонденция) жеткирүү.
ЕАЭБ жөнүндөгү келишим мүчө өлкөлөрдүн жарандарына уюмдун башка мамлекетинде тоскоолдуксуз иштөөгө мүмкүнчүлүк берери белгиленген.
"Мамлекеттик Дума карап жаткан өзгөртүүлөр ЕАЭБ өлкөлөрүнүн жарандарына эч кандай таасир этпейт", — деп айтылат маалыматта.
Баш катчы: ШКУ менен ЕАЭБдин кызматташуусу дүйнө архитектурасы үчүн маанилүү