БИШКЕК, 5-авг. — Sputnik. Кийинки VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары Кыргызстанда өтө турганын маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Чыңгыз Эсенгул уулу брифингде билдирди.
Анын айтымында, министрдин орун басары жана спорт башкармалыгынын жетекчиси Айбек Абдымомунов Казакстандын спорт жана туризм министри менен Париждеги Олимпиада аянтчасынан жолуккан. Анда кийинки оюндарды Кыргызстанга өткөрүп берүү тууралуу кеп болгон.
Ошондой эле 8-августта Кыргызстандын маданият министри Алтынбек Максүтов Казакстандын маданият жана маалымат министри менен кезектеги Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын эстафетасын Кыргызстанга өткөрүү форматы боюнча жолугушат.
"Бул тууралуу буга чейин бир эмес, бир нече жолу айтканбыз, талкуулар болгон. Негизи казак тарап бул оюндарды бизге өткөрүп берүүгө даяр", — деди Эсенгул уулу.
Эскерте кетсек, Кыргызстан ДКОнун демилгечиси болуп саналат. Оюндар үч ирет Кыргызстанда, төртүнчүсү Түркияда өткөн. Эми бешинчиси сентябрь айында Казакстанда болот.