Радио

Кыргыз-өзбек заводунан жыл соңуна чейин 1000 автоунаа чыгары күтүлүүдө

"Тулпар Моторс" кыргыз-өзбек автозаводунун директору Мирбек Дубанаев унаа чогултуучу ишканада кандай унаалар чыгып жатканын айтты.
Sputnik
Кыргыз-өзбек автозаводу учурда 10 миң темир тулпар чыгарганга даяр. Жылдын аягына чейин 1000 унаа чыгаруу пландалууда. Бул тууралуу Мирбек Дубанаев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, долбоорду ишке ашырууга жалпы 50 миллион доллар инвестиция каралган.
"Автозавод аябай кыска убакта ачылды. Биз үчүн бул чоң жетишкендик. Долбоорду ишке ашырууга жалпы 50 миллион доллар инвестиция каралып, ишкана үч этап менен ишке кирет. Биринчи этапка 10 миллион доллар инвестиция бөлүнгөн. Бүгүнкү күндө анын жети миллион доллары жумшалды. Учурда ишкана 10 миң автоунаа чыгарганга даяр. Жылдын аягына чейин 1000ди чогултууну максат кылып жатабыз. Учурда Chevrolet брендинин Cobalt, Onix жана Tracker үлгүсү чыкты. Булар жеңил унаалар. Мындан тышкары, Damas минибусу жана Labo микровэни сертификациядан өтүп, заводдо курала баштады. Жылдын аягына чейин унаанын 20 үлгүсүн иштеп чыгарабыз. Азыркы тапта документ иштеринде өнөктөштөрүбүз тарабынан суроо-талапка ылайык иш-аракеттер жүрүп жатат", — деди Дубанаев.
Ал өнөктөштөрдүн технологиясы, тажрыйбасы менен бир машинаны чогултууга орточо 20-25 мүнөт убакыт кетерин кошумчалады.