6-августка карата аба ырайы

Sputnik
БИШКЕК, 5-авг. — Sputnik. 6-август, шейшембиде, күндүз республиканын көпчүлүк аймактарында өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүйдө +31…+36, Талас аймагында +27…+32, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +31…+36, Ысык-Көл менен Нарын өрөөндөрүндө +21…+26 градус жылуу болот.
Бишкек жана Ош шаарында күндүн табы +33…+35 градуска чамалап барса, Чолпон-Атада +22…+24 градуска чейин көтөрүлөт.
Шашылыш билдирүү! Нарын, Ысык-Көлдүн тоолуу аймактарында сел кооптуулугу бар