Аксыга алыскы өлкөлөрдөн туристерди ташыган жаш ишкер

Sputnik
Олку-солку экономикалык кырдаалга карабай, жоктон бар кылган, туңгуюктан жол тапкан жаратман мекендештерибиз бар. Алардын катарында жаш экенине карабай өзү менен кошо башкаларга дагы жумуш орундарын түзүп, аймактарда ишкерликти көтөрүп жаткандар дагы бар. Алардын бири Ниематалы Насиралы уулу. Ал бирөөнүн колунда жалданма кызматкерден ондогон адамга иш берген ишкерге кантип айланганын айтып берди. Ишкерликтин ышкысы жана азабы менен бөлүштү.