Чачты трансплатациялоо — Чачтын түшүүсү жашарып баратат

Sputnik
Чачты трансплантациялоо – бул таздан же чачтын түшүүсүнөн жабыркаган адамдардын чачынын өсүшүн калыбына келтирүүчү популярдуу процедура. Анда адамдын өзүнүн чачы донор болуп берет. Бул ыкма алгач Японияда ойлоп табылган, Кыргызстанга келгенин 2-3 жыл болду. Бизде деле башка өлкөлөр колдонгон жабдыктар ошондой эле этаптар менен жасалат. Биздеги чачты трансплатациялаган адистер дүйнөлүк адистердей эле тажрыйбалуу. Ошондуктан Кыргызстанда деле эч коркпостон чачты эктирсе болот. Адистер бул ыкма менен чачтын өсүп кетишине 100 пайыз кепилдик берет.
Чачты трансплатациялоонун этаптары тууралуу чач боюнча хирург Санжар Батыков менен баарлаштык.