Кыргызстан эл аралык математикалык олимпиадада биринчи жолу алтын утту

Sputnik
Улуу Британияда өткөн 65-Эл аралык математикалык олимпиадада (IMO) кыргызстандык мектеп окуучулары бир алтын, үч күмүш медаль жеңип, олжолуу кайтышты. Ошондой эле ардак грамота алгандар да бар. Биринчи орунду Бишкектеги №61 мектеп-лицейдин окуучусу Назар Кыргызбаев ээледи. Күмүш медалды “Газпром Кыргызстан” мектебинин окуучусу Ян Бобрус, эл аралык ЮВИС мектебинде билим алган Элдар Искендер алган. Дагы бир күмүш медалга Жайыл баатыр атындагы жалпы билим берүү лицейинин окуучусу Искен Кенжебаев ээ болду.
Алтын байге Кыргызстандын тарыхында алгачкы жолу болду. Балдардын ошол кездеги сезимдерин окучууларды математика боюнча олимпиадага даярдаган машыктыруучу Мамат Ишматов айтып берди