Сооданын келечеги электрондук коммерцияда — Кыргызстан өзүнүн маркетплейсин качан түзөт?

Sputnik
Электрондук коммерциянын өнүгүшү менен почта кызматы жанданып, почтальон дагы бир жолу замандын каарманына айланууда. Бул тууралуу Ысык-Көлдө өткөн Эл аралык электрондук коммерция форумунда айтты. Кыргызстанда электрондук коммерциянын абалы кандай? Трансчекаралык электрондук сооданы өнүктүрүү жана эл аралык жүк алмашууну тездетүү иши кандай жүрүп жатат?
Электрондук соодадагы санариптештируу тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинин Соода саясаты башкармалыгынын жетектөөчү адиси Талант Орозалимов жана “Кыргыз почтасы” ААКтын эл аралык бөлүмүнүн башчысы Алина Абдишова сөз кылдык.