Ысык-Көлдө майып кызды уурдап кетип зордуктоого шектелген эки адам аныкталды

Факт Түп райондук милициясына катталып, “Зордуктоо” беренеси менен иш козголду. Соттук-медициналык экспертиза дайындалган.
Sputnik
БИШКЕК, 4-авг. – Sputnik. Соцтармакка 29-июль күнү экинчи топтогу майып кызды эки эркек уурдап кетип зордуктаганы боюнча маалымат тарады.
Ага ылайык, жабырлануучунун кулагы 20 пайызга гана угат жана сүйлөй албайт. Шектүүлөр аны төрт күн бою мал сарайда сабап, зордуктап жүрүшкөнү айтылат. Окуя Түп районунда болгон. Жакындары кызды Токтоян жайлоосунан табышкан.
Облустук милициядан кабарлашкандай, факт Түп райондук милициясына катталып, “Зордуктоо” беренеси менен иш козголду. Соттук-медициналык экспертиза дайындалган.
Кылмышка шектүү катары Каракол шаарынын 31 жаштагы А.Н. аттуу тургуну кармалып, убактылуу кармоочу жайга 48 саатка камакка алынды. Экинчи шектүүнүн өздүгү аныкталды. Ал Түп районунун Токтоян айылынын 36 жаштагы Б.Н. аттуу жашоочусу болуп чыккан.
Радио
Мукамбетов: эки берене менен кесилгендерге пенсия чегерилбейт