Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

ЖМКлар Украинада 800 миңдей адам мобилизациядан жашырынып жүргөнүн жазышууда

Sputnik
БИШКЕК, 5-авг. — Sputnik. Украинада 800 миңге жакын адам мобилизациядан качып, жашырынып жүрүшөт. Бул тууралуу Раданын экономикалык өнүгүү боюнча комитетинин төрагасы Дмитрий Наталуха билдиргенин РИА Новости жазды.
Агенттиктин маалыматы боюнча, Наталуха Financial Times басылмасына маек курган. Анда мобилизация шартындагы Украинанын экономикалык көйгөйлөрү тууралуу кеп болгон.

"800 миңге жакын адам дарегин өзгөртүп, маяна накталай төлөнүүчү жумуштарда иштеп, аскерден качып жүрүшөт", — деген Наталуха.

Журналисттер Украинанын аскер комиссариаттары өнөр жай ишканаларына рейддерди уюштуруп жатканын белгилешкен.
Украинада мобилизацияны күчөтүү боюнча мыйзам 18-майда иштей баштаган. Документ күчүнө кирген күндөн тартып 60 күндүн ичинде бардык аскерге милдеттүүлөр аскер комиссариатынан өз маалыматтарын тактоого милдеттүү. Чакыруу кагазы адамдын колуна берилбесе да тапшырылган болуп эсептелет. Мыйзамда тийиштүү курактагы эркектер аскердик билетти дайыма жанында алып жүрүүсү жана аны талап кылынганда көрсөтүшү керектиги белгиленген.
Батыш менен Россиянын камалгандарды айырбаштоосу Украинаны санаага салууда