Олимпиада оюндары — 2024

Париж-2024: боксчу Мунарбек Сейитбек уулу жарым финалга чыкты

Sputnik
БИШКЕК, 3-авг. — Sputnik. Боксчу Мунарбек Сейитбек уулу Париждеги Олимпиадада атаандашы Жамал Харвини утуп, жарым финалга чыкты.
Булгаары мээлейчен 1/4 финалда америкалык спортчу менен беттешкен.
Буга чейин 57 килограмм салмакта кубалык Сайдель Иван Орта Родригес дель Рей менен беттешип, жеңген.
Харвини уткан Мунарбек Кыргызстанга кеминде коло медаль алып бермекчи.
Кыргызстандык спортчунун кийинки атаандашы болгариялык Хавьер Ибаньес Диас болот жана кезектеги таймаш 8-августта өтөт.
Олимпиада оюндары — 2024
Кыргызстандык суучул Печерских Париждеги таймашта жарым финалга өтпөй калды