Олимпиада оюндары — 2024

Олимпиада: Мунарбектин кезектеги атаандашы тууралуу эмне белгилүү

Боксчулар финалга чыгуу үчүн 8-августта таймашат.
Sputnik
БИШКЕК, 4-авг. — Sputnik. Кыргызстандык боксчу Мунарбек Сейитбек уулу Олимпиаданын финалына чыгуу үчүн болгарлык боксчу Хавьер Ибаньес Диас менен күч сынашат.
Харьер 28 жашта. Болгариянын улуттук курама командасынын мүчөсү, Европа оюндарынын чемпиону, Европа чемпионатынын эки жолку чемпиону, Панамерикалык чемпионатта күмүш медалдын ээси, көп жолку чемпион жана Болгариянын улуттук чемпионатынын жеңүүчүсү.
Мунарбек дагы 28 жашта. Ал — дүйнө чемпионатынын (2024-жыл) коло медаль ээси. Испанияда өткөн эл аралык Boxam турниринин жеңүүчүсү, жаштар арасындагы Азия чемпионатынын коло медаль ээси.
Экөө финал үчүн 8-августта таймашка чыгат.
Буга чейин Сейитбек уулу Париждеги Олимпиадада атаандашы Жамал Харвини утуп, жарым финалга чыккан.
Олимпиада оюндары — 2024
Департамент Мунарбектин жеке машыктыруучусу Парижге эмнеге барбаганын түшүндүрдү