Радио

Салиев: Кыргызстандын өткөрмө бекеттери ЕАЭБдин талаптарына жооп берет

Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын орун басары Алмаз Салиев ЕАЭБдин тышкы чек арасындагы Кыргызстандын өткөрүү бекеттери коюлган талаптарга толук жооп берерин айтты.
Sputnik
Кыргызстан ЕАЭБге кошулуунун алкагында өткөрмө бекеттерин жайгаштыруу жана жабдуу боюнча милдеттенмелерин толук аткарган. Бул тууралуу Алмаз Салиев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, ЕАЭБдин тышкы чек арасында Кыргызстандын 14 өткөрүү бекети бар.

"Кыргызстандын үчүнчү өлкөлөр менен өткөрүү пунктулары Кытай, Өзбекстан, Тажикстан менен болгон чек арасында жайгашкан. Жалпы 14 бекет бар. Алардын сегизи автоунаа, экөө аба, төртөө темир жол үчүн ылайыкталган. Бекеттерди ЕАЭБдин талаптарына дал келтирүү милдеттенмелери бажы биримдигине кошулгандан тартып пайда болгон. Этап-этабы менен ишке ашып отуруп ушул жылдын март айында эң акыркы, тактап айтканда, "Кызыл-Бел" өткөрүү өткөрүү пункту ЕАЭБдин талаптарына толугу менен туура келтирилген. Ага карата атайын иш-чара болуп, биримдикке кирген өлкөлөрдүн өкүлдөрү жана ЕЭК министри катышкан. Бүгүнкү күндө буга чейин айтылган 14 өткөрүү пунктунун баары ЕАЭБдин талаптарына жооп берет", — деди Салиев.

Ошондой эле ал учурда дагы бир нече ири санариптик долбоор ишке ашып жатканын кошумчалады.