Сентябрда Кыргызстанда ЖККУнун машыгуулары өтөт

Жамааттык ыкчам аракеттенүү күчтөрү менен машыгууларды Чүй жана Ысык-Көл облустарында уюштуруу пландалууда.
Sputnik
БИШКЕК, 4-авг. — Sputnik. Кыргызстанда 3-сентябрдан 15-сентябрга чейин ЖККУнун машыгуулары өтөт. Бул тууралуу минкаб башчысынын 25-июлдагы тескемесинен белгилүү болду.
Маалыматка ылайык, жамааттык ыкчам аракеттенүү күчтөрү менен "Кызматташуу — 2024", "Эшелон — 2024" жана "Издөө — 2024" машыгууларын Чүй жана Ысык-Көл облустарында уюштуруу пландалууда.
Буга байланыштуу минкаб төрагасы Акылбек Жапаров ТИМ, ИИМ, ӨКМ, Коргоо, Саламаттык сактоо министрликтерине, эки облустун жетекчилигине уюштуруу жана даярдык көрүүгө байланыштуу бир катар иштерди тапшырды.
Анын ичинде:
машыгуунун катышуучуларына карата ар кандай мыйзамсыз аракеттерди алдын алуу жана бөгөт коюу боюнча чараларды көрүү;
аскердик жана башка түзүлүштөрдүн тоскоолдуксуз жүрүшү үчүн шарттарды түзүү;
техникалык, тирчилик жана талаа жабдыктары менен камсыз кылуу;
аба аркылуу алып келинген аскердик кемелерге аэронавигациялык кызмат көрсөтүүнү камсыз кылуу;
көчмө талаа ооруканасын персоналы менен бөлүп берүү.
Чыгымдар бул өнөктүккө тартылган мамлекеттик органдардын 2024-жылга карата бөлүнгөн бюджетинен каржыланат.
ЖККУ башкы катчысы БУУнун Коопсуздук кеңешинин жыйынында сүйлөдү