Шашылыш билдирүү! Нарын, Ысык-Көлдүн тоолуу аймактарында сел кооптуулугу бар

Sputnik
БИШКЕК, 4-авг. — Sputnik. Ысык-Көл менен Нарындын тоолуу аймактарында сел жүрүшү ыктымал. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Синоптиктер 5-6-августта аталган эки дубанда нөшөрлүү жамгыр жаай турганын божомолдошту.
Ысык-Көл жана Нарын облустарынын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү, ошондой эле дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү ыктымал экени белгиленген.
ӨКМ: жырылып кетүү кооптуулугу бар көлдөр тыкыр көзөмөлдөнүүдө