Олимпиада оюндары — 2024

Департамент Мунарбектин жеке машыктыруучусу Парижге эмнеге барбаганын түшүндүрдү

Мунарбектин жеке машыктыруучусу Беганас Султанбаев делегациянын курамына кирбей калганы соцтармакта кызуу талкуу жаратууда.
Sputnik
БИШКЕК, 4-авг. — Sputnik. Боксчу Мунарбек Сейитбек уулунун жеке машыктыруучусу Беганас Султанбаев аккредитациядан өткөн эмес, ошол себептен Олимпиадага бара албай калды. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, буга байланыштуу жеке машыктыруучу гана эмес, улук машыктыруучу дагы Парижге бара албай калган.

"Мушкер Олимпиадага лицензияны июнда алган. Ал эми машыктыруучуларды аккредитациялоо мартта эле бүткөн. Лицензиялык турнирлерге бир канча мушкер катышып, кимиси лицензия алары белгисиз болгондуктан башкы машыктыруучу гана аккредитацияланган", — деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, Мунарбектин жеке машыктыруучусу Беганас Султанбаев делегациянын курамына кирбей калганы соцтармакта кызуу талкуу жаратууда.
Кыргыз мушкери атаандашы Жамал Харвини утуп, жарым финалга чыкты. Буга чейин 57 килограмм салмакта кубалык Сайдель Иван Орта Родригес дель Рей менен беттешип, жеңген.
Олимпиада оюндары — 2024
Кыргызстандык спортчулардын жайкы Олимпиадада мелдешке чыга турган күндөрү