Кыргызстанда депозиттердин көлөмү эки эсе өсүп, 522 млрд сомдон ашты

Кеп юридикалык жана жеке жактардын, ошондой эле резидент эместердин каражаттары жөнүндө болуп жатат.
Sputnik
БИШКЕК, 4-авг. — Sputnik. Июндун этегине карата Кыргызстанда депозиттердин көлөмү 522 миллиард 121,1 миллион сомду түздү. Бул тууралуу Улуттук банктан билдиришти.
Мында депозиттердин көлөмү гана эмес, эсептердеги акчалар да эске алынганы белгиленди. Кеп юридикалык жана жеке жактардын, ошондой эле резидент эместердин каражаттары жөнүндө болуп жатат.
Учурдагы көлөм майдын соңунда катталган рекорддук көрсөткүчтөрдөн 20,1 миллиард сомго ашкан.
Акыркы жылдары өлкөдө депозиттик базанын көлөмү активдүү өсүүдө. Салыштыруу үчүн: 2022-жылдын июнь айынын аягында депозиттердин көлөмү 249,5 миллиард сомду түзгөн.
Жарым жылда банктардын таза кирешеси дээрлик 14,2 млрд. сомду түздү