Израиль армиясы Ливандан 30 снаряд атылганын билдирди

"Хезболла" кыймылы муну "Израилге жооп" деп атады.
Sputnik
БИШКЕК, 4-авг. — Sputnik. Израилдин Коргоо күчтөрү (ЦАХАЛ) өлкөнүн түндүгүн түнкү аткылоодо 30 снаряддын көбү Ливан тараптан келгенин билдиргенин РИА Новости жазды.
Жекшембиге караган түндө Times of Israel гезити Ливандан Израилдин түндүгүнө ракеталык сокку урулганын, ракеталардын көбүн "Темир Купол" ракетадан коргонуу системасы тосуп алганын кабарлады. Ливандык "Хезболла" кыймылы Израилдин түндүгүндөгү Бейт-Гилель калктуу конушу тарапка ондогон ракета кое бергенин жарыялаган. Билдирүүдө бул Израилдин Ливандын түштүгүндөгү калктуу конуштарын аткылагандыгы үчүн жооп экени айтылат.

"Түнкүсүн Израилдин түндүгүндө сирена угулгандан кийин Ливан тараптан келе жаткан 30га жакын снаряд катталып, алардын көбүн ЦАХАЛдын абадан коргонуу системасы тосуп калган. Снаряддардын бири Бейт-Гилель районуна, бир нечеси ачык талаага түшкөн. Жабыркагандар болгон жок", — деп айтылат армиянын Telegram каналында.

Мындан тышкары, ЦАХАЛ "Хезболланын" снаряддар учурулган атуучу борборуна жана Ливандын түштүгүндөгү башка инфраструктурага сокку урган.
Израиль-Ливан чек арасындагы кырдаал 2023-жылдын октябрында Израилдин Газа тилкесиндеги аскердик операцияларынан кийин курчуп кеткен. Израиль армиясы менен ливандык "Хезболланын" согушкерлери чек арага жакын аймактарда күн сайын бири-биринин позицияларын аткылашат. Ливандын Тышкы иштер министрлигинин маалыматына караганда, түштүктө 100 миңге жакын адам үйлөрүн таштап кетүүгө аргасыз болгон. Израиль тарап өлкөнүн түндүгүндөгү 80 миңдей жашоочу ушундай абалга туш болгонун билдирди.
ТИМ кыргызстандыктарды Израиль менен Ливанга баруудан баш тартууга чакырды