ЖМКлар Иран Израилге кол сала турган күндүн датасын айтууда

Ирандын соккусун "Хезболла" кыймылы башкарары айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 4-авг. — Sputnik. Иран Израилге 12-13-август күндөрү сокку урууну көздөп жатканын The Jerusalem Post басылмасы билдирди.
"Алдын ала маалыматтар боюнча, Ирандын соккусу Ливандагы "Хезболла" кыймылынын көзөмөлү менен жасалат", — деп билдирген басылма.
Эске салсак, 2024-жылдын 31-июлуна караган түнү Палестинадагы ХАМАС кыймылынын саясий бюросунун башчысы Исмаил Ханияны Тегеран шаарында ракета менен атып, жок кылышкан. Бул мамлекетке ал Ирандын жаңы президентинин инаугурациясына катышуу үчүн келген болчу. Тегеран бийлиги чабуул Ханиянын Ирандагы резиденциясына жасалгандыгын, аны менен кошо бир жан сакчысы каза тапканын билдирген. ХАМАС анын өлүмүнө Израиль менен АКШ жоопкер экенин айтып, бул кадам жоопсуз калбай тургандыгын эскертишкен.
Бириккен Улуттар Уюмундагы Ирандын миссиясы да Тегеран Ханиянын өлүмү үчүн атайын операция менен жооп берерин билдирген. Иран ТИМи чабуулдун жоопкерчилигин Израилге артып, бул кадамга АКШнын катыштыгы бардыгын айткан. Хаменеи Израиль Иранга конок катары келген Ханияны жок кылып, "катаал жазага өздөрү кириптер болуп алышканын" белгилеген.
Израиль армиясы Ливандан 30 снаряд атылганын билдирди