Европада "кара тумоо каптаган" кооптуулук жакындап калганын айтышууда

АКШ көзөмөлдөй албай калган баңгизаттын түрү Европада жайылышы мүмкүндүгү айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 4-авг. — Sputnik. Европада фентанил баңгизатынын тездик менен жайылышы кара тумоонун жаңыдан таралышындай эле коркунуч туудурат. Бул тууралуу Италиядан Европа парламентинин еврокомиссиясына Паоло Инсельвини кайрылганын РИА Новости жазды.
"Бул баңгизат биздин аймакта арзан сатылып, жеткиликтүү болуп жатат. "Баңгизат-зомби" деп аталып жүргөн фентанил Европада жаңы "кара тумоо" болуп калышы мүмкүн", — деп кооптонгон ал.
Сельвини Европа биримдигиндеги мамлекеттерде баңгизаттарды колдонгондор көбөйүп жатканын кошумчалаган.
Саясатчы мындай баңгизатты АКШ көзөмөлдөй албай калганын, эми ал Европага жармашарын айтып тынчсызданган.
"Фентанил — героинден 50-100 эсе күчтүү болгон апийимдик дары. Аны көбүнчө арзан баңгизаттарга кошуп таасирин күчөтүп, анан сатышат", — деген ал.
Паоло Инсельвини АКШда акыркы жылдары фентанилди мыйзамсыз өндүрүүдөн улам баңгизаттын ашыкча көлөмүнөн каза болгондордун саны кыйла өскөнүн кошумчалаган.
Филиппинде баңги топ менен байланышта деген кыргызстандык аял кармалды