Дубайда duty free дүкөндөрү төлөм катары рублди кабыл ала баштады

Россиянын Борбордук банкынын 4-августка карата маалыматы боюнча, БАЭ дирхамынын курсу 23,34 рублди түзөт.
Sputnik
БИШКЕК, 4-авг. — Sputnik. Дубай аэропортундагы бажы төлөмү жок duty free дүкөндөрү төлөм үчүн рублди накталай кабыл ала баштады. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
Маалыматка ылайык, соода дирхамдын курсу боюнча жүрүп, 1-августтан баштап киргизилген.
Белгиленгендей, азырынча бардык жерде шарт түзүлө электигинен улам суроо-талаптын көп же аз экенин айтуу кыйын. Келечекте бардык duty free дүкөндөрдө рубль менен соода кылууга мүмкүндүк түзүлөрү белгиленди. Ошондой эле РИА Новостинин кабарчысы азырынча товарларга баа белгилери рубль менен көрсөтүлө электигин кошумчалады.
Россиянын Борбордук банкынын 4-августка карата маалыматы боюнча, БАЭ дирхамынын курсу 23,34 рублди түзөт.
Путин ШКУ ичинде улуттук валюта менен эсептешүүгө өтүү демилгесин кайра көтөрдү