БИШКЕК, 4-авг. — Sputnik. Эмизүү ымыркайга гана эмес, эненин өзүнө да пайдалуу экенин Sputnik радиосунда медицина илимдеринин доктору Геннадий Онищенко айтып берген.
Ал эненин сүтүнүн пайдасы өтө көп экенине карабастан алты айга чейин тоё эмбей калган ымыркайлар четтен чыгарын билдирген. Бул ымыркайдын гана эмес, аялдын ден соолугуна да зыяндуу.
"Эмизүү – баланын саламаттыгынын чың болушун шарттоонун негизги жолдорунун бири. Ага карабастан "кийин жакшы формада болбой калат" деп эмизүүдөн баш тарткандар бар. Аял төрөгөндөн кийин эмизбесе эмчек рагы пайда болушу да ыктымал", – деген Онищенко.
Эмизүү менен эне эмчек жана жатын рагынын пайда болуу коркунучтарын азайта алат. Себеби бала эмизгенде төрөттөн кийин организмдин калыбына келишине жардам берген окситоцин гормондору иштелип чыгат. Ошол эле учурда стресс, төрөттөн кийинки депрессиянын деңгээлин азайтып, остеопороз, сөөк ооруларын, жүрөк-кан тамыр илдеттерин алдын ала алат.
"Ал эми балага пайдасын айта турган болсок: инфекциялык оорулардан коргойт, ашказан-ичеги системаларынын иштешин жөнгө салат, ичегиде жакшы микрофлора калыптанат. Мунун баары өтө маанилүү.Тиштердин чыгышына жардамы чоң, эмчек эмген бөбөктө курч респиратордук инфекциялык ооруларга чалдыгуу ыктымалдуулугу төмөндөйт. Мындан тышкары, анын тилинин чыгышына да оң таасир берип, эне менен баланын ортосунда эмоционалдык байланыш түзүлөт", – деп сөзүн жыйынтыктаган Онищенко.