Олимпиада оюндары — 2024

Мунарбек Сейитбек уулунун жеке машыктыруучусу Парижге эмнеге барбай калган?

Беганас Султанбаев Сейитбек уулун 20 жылдан бери машыктырып келет.
Sputnik
БИШКЕК, 4-авг. — Sputnik. Социалдык тармактын колдонуучулары кыргызстандык боксчу Мунарбек Сейитбек уулунун жеке машыктыруучусу Беганас Султанбаев Париждеги Олимпиадага эмнеге барбай калган деген суроо узатууда.
Көпчүлүк өлкө башчыларын белгилеп, Султанбаевди Олимпиадага жөнөтүү керектигин, машыктыруучу 8-августта өтө турган жарым финалда боксчунун жанында болушу зарылдыгын жазган.
Буга байланыштуу Sputnik Кыргызстан агенттиги Беганас Султанбаевдин өзү менен байланышып, жообун алды.
"Улуттук Олимпиада комитети ар бир спортчу менен курама команданын башкы машыктыруучусу гана бара аларын билдирген. Мен Мунарбектин жеке машыктыруучусу болгондуктан Кыргызстанда калдым. Аны башкы машыктыруучу коштоп кетти. Мунарбекти 20 жылдан бери машыктырып келем", — деди Султанбаев.
Боксчу Мунарбек Сейитбек уулу Париждеги Олимпиадада атаандашы Жамал Харвини утуп, жарым финалга чыкты. Кеминде ага коло медаль даяр турат.
Кыргызстандык спортчунун кийинки атаандашы болгариялык Хавьер Ибаньес Диас болот. Кезектеги таймаш 8-августта өтөт.
Олимпиада оюндары — 2024
Кыргызстандык спортчулардын жайкы Олимпиадада мелдешке чыга турган күндөрү