Министрлик элге асыл тукум малды лизингге алууну сунуштайт

Sputnik
БИШКЕК, 4-авг. — Sputnik. Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги жарандарга асыл тукум малды лизингге алууну сунуштайт. Мекеме анын жол-жобосун түшүндүрдү.
Асыл тукум макамын алган чарба "Айыл банк" жана "Элдик банк" менен келишим түзөт да, мурда чет мамлекеттен алынган асыл тукум, таза кандуу малды лизингге алуучулардын буюртмасы боюнча берет.
Кардарга асыл тукум жана таза кандуу малды тандоодо жардам берилет, карантин чаралары каралат. Мындан тышкары, лизингге мал алган адам окуудан өткөрүлөт.
Министрлик уй, кой, жылкыны тукумуна жараша облустарда багууну сунуштады