5-августка карата аба ырайы

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Sputnik
БИШКЕК, 4-авг. — Sputnik. Дүйшөмбүдө республиканын тоолуу аймактарында өткүн өтүп, күн күркүрөйт, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын жаабайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
5-августта нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу Ысык-Көл жана Нарын облустарынын тоолуу райондорунда сел жүрүшү мүмкүн, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлөт.
Абанын температурасы Чүйдө 33…38, Талас аймагында 29…34, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында 33…38, Ысык-Көл жана Нарын өрөөндөрүндө 26…31 градус ысык болот.
Күндүн табы Бишкекте 35…37, Ош шаарында 36…38 градусту көрсөтсө, Чолпон-Атада 28…30 градусту түзөт.
Мээ кайнаткан ысык кайтабы? Бир жумага карата аба ырайынын божомолу