Өлкөдө "Туңгуч" аттуу онлайн-мектепти ачуу сунушталып жатат

Аралыктан иштеген билим жайынын артыкчылыгы баланын абалына жана жашаган жерине карабастан билим алууга мүмкүнчүлүк түзүү экени айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 3-авг. — Sputnik. Билим берүү жана илим министрлиги "Туңгуч" аттуу онлайн-мектепти ачууну сунуштады. Министрлер кабинетинин тиешелүү токтом долбоору коомдук талкууга чыгарылды.
Анда министрликтин бардык балдардын билим алуу укугун камсыз кылууга ниеттенип жатканы белгиленет. Онлайн-мектептин артыкчылыгы баланын ден соолугу боюнча абалына жана жашаган жерине карабастан билим алууга мүмкүнчүлүк түзүү экени айтылды.
Бийлик окутууда ар бирине жеке мамиле жасалып, изденүү менен сабактар өтүлөрүнө убада берген. Билим берүү процессин уюштуруунун тартиби атайын жободо жазылган. Окутуунун ар кандай синхрондуу (бардык балдар онлайн-режимде кошулганда) жана ассинхрондук (алдын ала даярдалган видеоматериалдар аркылуу иштешүү) варианттары каралган.
Бишкекте 30 мектеп саат 07:30дан баштап окууга өткөрүлөт. Тизме