Радио

Адис: Суусамырдагы алтыгана жылына 270 млн. сомго чукул зыян келтирүүдө

Асыл тукум мал чарба, жайыт жана тоют департаментинин жайыттарды башкаруу, жакшыртуу жана пайдалануу бөлүмүнүн башчысы Нурлан Абатбеков Суусамырды 9 райондун малы жайлаарын айтты.
Sputnik
Суусамыр өрөөнүн каптаган алтыгана мал чарбасына олуттуу зыян келтирүүдө. Бир жылдагы көлөмү болжол менен алганда 270 миллион сомго чукул. Бул тууралуу Нурлан Абатбеков Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, фермерлер бир жылда миң гектардан болжолдуу 18 миллион сом киреше алат, ал эми алтыгана 30 миң гектар жерди каптап калган.
"Экономикалык жактан алсак, мындай жыйынтык бар. Суусамыр өрөөнүн 9 райондун малы жайлайт. Анда 145000ден ашык кой-эчки, 14 500 уй, 12 миңге чукул жылкы чыгат. Ал эми алтыгана жыл өткөн сайын жайыттарды каптап, аянты арбып жатат. Суусамыр өрөөнүндө жалпы 472 миң гектар жайыт бар. Спутниктен тартылган маалыматтарга таянсак, алтыгана азыр анын 30 миң гектарга чукул жерин каптаган. Биз 2 миң гектарды алтыганадан тазаласак, экономикалык жактан кандай болорун эсептеп көрдүк. 2 миң гектар жерге 1 600 баш мал жайса болот, мынча малдан фермерлер 36 миллион сом киреше алат", — деди Нурлан Абатбеков.
Ошондой эле ал учурда алтыганаларды тазалоо боюнча бир нече ыкма сыноодон өтүп жатканын, жакшы натыйжа бергени колдонуларын кошумчалады.
Тема боюнча:
Креативдүү болгула, инвестор тарткыла. Акылбек Жапаров элчилерге кайрылды