Садыр Жапаров Европа биримдигинин жогорку өкүлү Боррелди кабыл алды

Президент европалык инвесторлорго Кыргызстандагы гидроэнергетикалык жана транспорттук долбоорлорго кошулууну сунуштады.
Sputnik
БИШКЕК, 3-авг. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров Европа биримдигинин жогорку өкүлү Жозеп Боррелди кабыл алганын мамлекет башчынын маалымат кызматынан кабарлашты.
Алар соода-экономикалык кызматташтыктын, инвестициялардын келечеги, энергетика, санариптештирүү жаатындагы биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу боюнча пикир алмашты.
1 / 3

Президент Садыр Жапаров Европа биримдигинин жогорку өкүлү Жозеп Боррелди кабыл алганын мамлекет башчынын маалымат кызматынан кабарлашты

2 / 3

Алар соода-экономикалык кызматташтыктын, инвестициялардын келечеги, энергетика, санариптештирүү жаатындагы биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу боюнча пикир алмашты

3 / 3

Президент европалык инвесторлорго Кыргызстанда ишке ашырылып жаткан масштабдуу гидроэнергетикалык жана транспорттук долбоорлорго кошулууну сунуштады

Президент европалык инвесторлорго Кыргызстанда ишке ашырылып жаткан масштабдуу гидроэнергетикалык жана транспорттук долбоорлорго кошулууну сунуштады.
Боррель ЕБдин Кыргызстан менен эки тараптуу кызматташтыкты мындан ары тереңдетүүгө берилгендигин жана өз ара кызыкчылык туудурган чөйрөлөрдө биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга даярдыгын ырастады.
Бишкекке Европа дипломатиясынын башчысы Жозеп Боррель келди