Батыш менен Россиянын камалгандарды айырбаштоосу Украинаны санаага салууда

Камалгандарды айырбаштоо Москва менен Вашингтондун узакка созулган тынымсыз, татаал дипломатиялык сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыгында ишке ашууда.
Sputnik
БИШКЕК, 3-авг. — Sputnik. Россия жана Америка камалган жарандарды бири-бири менен алмаштырууну көбөйтүүдө. Бул көрүнүш Украинаны түпөйүл кылып жатканын РИА Новости Washington Post басылмасынын маалыматына таянып жазды.
Анда белгиленгендей, украиналыктар алардын өлкөсү чет мамлекеттер карызга берген жана бекер тартуулаган курал, каражаттын эсебинен күн өткөрүп жатышканын билип турушат. Эгерде ошол "жан сактаткан учуктун" бири эле үзүлсө Украина ири кыйынчылыктарга кептелет.
"Камалгандарды айырбаштоо Москва менен Вашингтондун узакка созулган тынымсыз, татаал дипломатиялык сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыгында ишке ашууда. Бул келишим жөнүндөгү маалыматтар айрым украиналыктардын тынчсыздануусун жаратууда", — деп айтылган анда.
Тактап айтканда, Киевдин мэри Виталий Кличко бул көрүнүш тенденцияга айланып кетиши мүмкүн деген кооптонуулар бар экенин билдирген.

Россия менен Батыш ортосунда камактагыларды айырбаштоо

1-августта Россиянын Батыш өлкөлөрүндө абакта жаткан сегиз жараны: Вадим Соколов (Красиков), Владислав Клюшин, Артем жана Анна Дульцевалар, Павел Рубцов, Вадим Конощенок, Михаил Микушин, Роман Селезнев мекенине берилген.
Компетенттүү мекемелердеги жеке маалымат булактар алардын айрымдары Россиянын чалгынчылары менен иштөөгө айыпталган, бирок күнөөлөрү далилденбегенин белгилешкен эле.
Аларды аэропорттон Россиянын президенти Влдаимир Путин өзү тосуп алып, арасында аскер тармагындагылар мамлекеттик сыйлыктарга көрсөтүлөрүн айткан.
Муну менен катар эле Батышка АКШ, Германиянын жарандары жана россиялыктар, кош жарандыгы барлар учуп кетишти. Алар мамлекетке чыккынчылык, экстремизмге чакырык жасоо беренелери менен айыпталышкан. Бул жаатта Путин ырайым кылуу боюнча жарлыкка кол койгон.
"Башкысы, Мекенге келдиңер". Путин айырбашталган россиялыктарды куттуктаган видео