Олимпиада оюндары — 2024

Кыргызстандык суучул Печерских Париждеги таймашта жарым финалга өтпөй калды

Спортчу өзү менен бирге таймашкан топтогулардын ичинен 26,26 секундада биринчи болуп келди.
Sputnik
БИШКЕК, 3-авг. — Sputnik. Кыргызстандык суучул Елизавета Печерских Париждеги Олимпиадада өзүнүн тобундагы таймашта биринчи болуп келип, бирок башкалардын да көрсөткүчүн карай келгенде жарым финалга чыга албай калды.
Спортчу кыз 50 метрге эркин сүзүү боюнча таймашты. Бул аралыктагы сууга сүзүүгө 79 спортчу кыз катышты.
Печерских өзү менен бирге таймашкандардын ичинен 26,26 секундада биринчи болуп келди. Бирок жалпылап эсептей келгенде 30-орунду ээледи.
Олимпиада оюндары — 2024
Олимпиада — 2024: Денис Петрашов уюштуруу начар деңгээлде болгонун айтты