Олимпиада оюндары — 2024

Париж-2024: гендердик тесттен өтпөй калган дагы бир боксчу беттешип, утту

Өз кезегинде аталган комитет спортчу "паспорт боюнча аял" экенин, оюнга катышуу эрежелерине туура келерин билдирүүдө.
Sputnik
БИШКЕК, 3-авг. — Sputnik. Париждеги Олимпиада оюндарында гендердик тесттен өтпөй калган дагы бир боксчу чейрек финалга чыкты. Бул тууралуу Р-Спорт жазды.
Тайвандык Линь Юйтин 5:0 эсеби менен өзбекстандык Ситора Турдибекованы уткан.
Ага чейин гендердик тесттен өтпөй калган алжирдик спортчу италиялык кызды 46 секундада утуп коомчулукта чуу, нааразылык жараткан. Эл аралык Олимпиада комитетинин Иман Хелиф менен Линь Юйтинди беттештерге чыгарууга уруксат бергени дүйнө коомчулугунда нааразычылык жаратты.
Өз кезегинде аталган комитет Хелиф менен Юйтин "паспорт боюнча аял" экенин, Олимпиадага катышуу эрежелерине туура келишерин билдирип, аларга карата сындарды "стигматизация" (басынтуу, куугунтуктоо) деп аташкан.
Ал арада Венгриянын Олимпиада комитети Эл аралык Олимпиадалык комитетке арыз менен кайрылып, аялдар аялдык биологиялык өзгөчөлүктөрү бар атаандаштар менен гана беттешке чыгышын талап кылды.
Олимпиада оюндары — 2024
Олимпиада — 2024: Денис Петрашов уюштуруу начар деңгээлде болгонун айтты