Шамалда айдаба! ӨКМ моторлуу кайыктарды колдонуу эрежелерин тизмектеди

Sputnik
БИШКЕК, 3-авг. — Sputnik. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги скутер, кайык, катамаран, үйлөнгөн банан жана моторлуу кайык менен сууда жүрүү эрежелерин тизмектеди.
Эреже жана коюлган талаптар:
моторлуу кайыктарды башкарууну жана коопсуздук эрежелерин билүү;
айдоочу жана жүргүнчү коргонуучу чыптама кийүү керек;
күйүүчү майы жана башка керектүү жабдууларынын камсыздалышын текшерүү;
сууда жүргөн адамдарга сууну чачыратпай, аларды сүзүп кетүүдөн сак болуп, жакшысы айланып өтүү зарыл;
көрсөтүлгөн ылдамдыктан ашпоо;
кайыкка түшүп жаткан адам бел курларын бекемдеп тагынып, өзүнүн коопсуз абалда экенине ынанышы керек;
кичинекей көлмөлөрдө скутерди айдоого болбойт;
навигация эрежелерин байкап туруу;
шамалда айдоо өтө кооптуу жана жүргүнчүлөрдү салууга тыюу салынат;
ичип алып түшүүгө болбойт жана чылым чегүүгө тыюу салынат;
теплоход же башка көлөмдүү кайыктарга жол бошотуу;
көлдүн кооптуу аймактарына жакын барбоо.
Эске салсак, туристтик сезондо көбүнчө Ысык-Көлдө моторлуу кайыктар катышкан кырсыктар болуп, бул коомдо кызуу талкуу жаратып келет. Айрымдар аларды колдонууга тыюу салууну сунуштаса, башкалар тийиштүү эрежелерди бекитип, атайын белгиленген жерде гана айдоо керектигин айтып келишет. Мындан улам Ысык-Көлдө гидроциклдерди колдонууга тыюу салууну депутат Элдар Сулайманов демилгелеген.
Көлдө 35 жаштагы адам сууга чөгүп, ооруканада көз жумду