БУУнун эксперти авиакаттамга салынган чектөөлөр адам укугун бузарын айтты

2022-жылы Европа биримдиги өзүнүн аба мейкиндигин Россиянын авиакомпанияларына жапкан.
Sputnik
БИШКЕК, 3-авг. — Sputnik. Эл аралык мыйзамдарды аттап өтүп кабыл алынган жарандык авиациялардын учушуна тыюу салуу адам укуктарын бузат жана айлана-чөйрөнү коргоону татаалдаштырат. Мындай пикирин РИА Новости агенттигине курган маегинде БУУнун адам укуктарын коргоодо бир тараптуу мажбурланган чаралардын терс таасири боюнча баяндамачысы Елена Довгань билдирген.
2022-жылы Европа биримдиги өзүнүн аба мейкиндигин Россиянын авиакомпанияларына жапкан.
"Эл аралык жарандык авиация жөнүндөгү эл аралык нормаларды сактабаган авиациялык тыюулар адамдардын эркин учушу боюнча укугун бузат. Мындай чектөөлөр өлкөдөн өлкө кыдырып жүргөн адамдардын, саякатчылардын башка мамлекетке жетишин кыйындатат. Ал эле эмес, учуу сааты бир кыйла узаргандыгына байланыштуу айлана-чөйрөгө да зыян көбөйөт", – деген ал.
Довгань чет өлкөлөрдө санкцияга кабылган компаниялардын самолетторун оңдоодон, аларга учактарды ижарага берүүдөн баш тартуулар, кошумча тетиктерди да сатпай жаткандыктары коопсуздук стандарттарын бузарын кошумчалаган.
"Бул чектөөлөрдүн ушул өңдүү түз кесепеттеринен тышкары, айтылбаган майда терс таасирлери аябай көп. Мисалы, балдардын ден соолугун жакшыртууга, чет өлкөдөн медициналык жардам алуу үчүн көрүлгөн аракеттерге жолтоо болууда. Мындан тышкары, түрдүү программалар менен чет мамлекеттен билим алууга да зыяны тийүүдө", – деп белгилеген БУУнун эксперти.
ЖМК: Россияга салынган санкция майнапсыз болуп, кесепети ЕБге тийиши мүмкүн