Радио

Мамытов: дүйнөлүк башкаруу Батыштан Чыгышка ооп жатат

Улуттук илимдер академиясынын Мамлекет жана укук институтунун директору, саясий илимдердин доктору Токон Мамытов дүйнөлүк башкаруу Батыштан Чыгышка ооп, өзгөрүүлөргө дуушар болуп жатканын айтты.
Sputnik
БРИКС жана ШКУ дүйнөлүк тартиптин негизи болот. Россия, Кытай, Индиянын дүйнө экономикасындагы орду алдыга жылат. Бул тууралуу Токон Мамытов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, ШКУда талкууланган бардык маселелерге дүйнө эли көңүлүн буруп, дыкат карап турат.
"БРИКС жана ШКУ дүйнөлүк тартиптин негизи болот. Россия, Кытай, Индиянын дүйнө экономикасындагы орду алдыга жылат. Дүйнөлүк башкаруу Батыштан Чыгышка ооп, өзгөрүүлөргө дуушар болуп жатат. Астанадагы ШКУ саммитине чейин БУУнун баш катчысы Ташкентке жана Бишкекке келип, негизги маселелер тууралуу сүйлөшүп кетиши көп нерседен кабар берет. ШКУда талкууланган бардык маселелерге дүйнө эли көңүлүн буруп, дыкат карап турары анык. Анткени буга экономикадагы, саясаттагы, эл аралык мамиледеги кырдаал себеп болууда. Дүйнөлүк тартиптин, коопсуздуктун архитектурасы урап жатат деп жатабыз. Ушундай учурда БРИКС жана ШКУ анын ордун баса алат", — деди Мамытов.
Ошондой эле ал геосаясий жана геоэкономикалык жактан алганда Борбордук Азиянын орду дүйнөдө өсүп, ири процесстерге катыша аларын кошумчалады.