30-августка чейин акысыз концерттер болот. Бишкек мэриясы элди чакырды

Иш-чара Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына да арналат.
Sputnik
БИШКЕК, 3-авг. — Sputnik. Эгемендүүлүк күнүн утурлай борбор калаада биринчи акысыз концерт өттү, эми ал 30-августка чейин уланат. Иш-чара Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына да арналганын Бишкек мэриясы маалымдады.
Музыкалык кече Токтогул Сатылгановдун эстелигинин алдында өтүп турат.
1 / 3

Эгемендүүлүк күнүн утурлай борбор калаада биринчи акысыз концерт өттү, эми ал 30-августка чейин уланат

2 / 3

Иш-чара Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына да арналганын Бишкек мэриясы маалымдады

3 / 3

Музыкалык кече Токтогул Сатылгановдун эстелигинин алдында өтүп турат

Кечээки концертте мэриянын чоң симфониялык оркестри шаар тургундарына классикалык музыканын белгилүү чыгармаларын аткарышкан.
"Ачык асман алдындагы музыкалык кечелер" долбоору 30-августка чейин уланат", — деп айтылат маалыматта.
Мэрия шаардын тургундары менен конокторун жандуу музыкадан ырахат алып кетүүгө чакырды.
Байге фонду 3 миллион сом. Бишкекте төкмө акындардын айтышы өтөт