4-августка карата аба ырайы

4-августка караган түнү жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9, айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.
Sputnik
БИШКЕК, 3-авг. — Sputnik. 4-август, жекшембиде, тоолуу жерлерде өткүн өтүп, күн күркүрөсө, дыйканчылык аймактарда күн ачык болот. Мындай маалыматты Кыргызгидромет таратты.
Абанын температурасы Чүйдө +33...+38, Талас аймагында +31...+36, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +33...+38, Ысык-Көл жергесинде +26…+31, Нарын өрөөнүндө +27...+32 градус болот.
Бишкек жана Ош шаарында термометр +36...+38 градус болсо, Чолпон-Атада +25...+27 градусту көрсөтөт.
Шамалда айдаба! ӨКМ моторлуу кайыктарды колдонуу эрежелерин тизмектеди